Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин инаугурациясын белгилөөнү талап кылгандар митингге чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2019 | 480 | 0

Киевде Жогорку Раданын имаратынын алдында он чакты адам жаңы шайланган Зеленскийдин инаугурациясын 19-майга белгилөөнү талап кылып, митинг уюштурду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Митингчилер парламент имаратынын алдындагы аянтка чыгышкан. «Биз инаугурация күнүн 19- майга белгилемейинче, эч жакка жылбайбыз», — деп билдирет активисттердин бирөөсү.

Буга чейин Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенко Зеленскийдин инаугурациясынын батыраак өтүшүнө кызыкдар экендигин билдирген.

30-апрелде Украина БШКсы шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, анда Зеленский 73 % добуш алып, президент болуп шайланган. Ал эми Порошенко шайлоочулардын 24 % добушуна ээ болгон.

Copyright © 2017 Maral FM