Биз менен байланышыңыз

Кичи аймактар боюнча мектепке электрондук каттоого өтүнмөлөр 15-майга чейин кабыл алынат

Кыска кабар | 12 мая 2019 | 462 | 0

Ушул жылдын 15-майына чейин кичи аймактар боюнча мектепке электрондук каттоого өтүнмөлөр кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

16-майдан 15-августуна чейин кичи аймактардан тышкары электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат.

Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын кезектеги кыймылын жана мектепке катталуусун ар учурда компьютерден да, смартфондон да көрө алышат.

Эске салсак, 8-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 7771 өтүнмө катталган. Өтүнмөлөрдүн жалпы санынан 5314 бала кабыл алынып, 1869 жактырылып, 133 кароодо.

Copyright © 2017 Maral FM