Биз менен байланышыңыз

Бөкөшов: Мусакеев Матраимовго эстафетаны жөн узатпады

Күн чекит | 10 мая 2019 | 711 | 0

10-майда Улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкармалыгынын мурунку жетекчиси Дамир Мусакеев өзүнүн мүлкүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аркылуу коомчулукка тааныштырды. Мусакеевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү байлыктарды бирден көрсөтүп, ар бирине комментарий берди. Биз бул теманын тегерегинде «Күн чекит» программасында саясат талдоочу Жамгырбек Бөкөшов менен маек курдук.

— Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин мүлкүн көрсөтүшү сиздин ишенимиңизди жараттыбы?

Болушу мүмкүн. Мен билген маалыматтар боюнча, ал мамлекеттик кызматта турганда бир топ батирди каттаткан экен. Андан кийинки байлыктары да, мурунку мал-мүлкү да коомчулуктун көнүлүн буруп, мынча байлыкты каяктан алды деген суроо жаралмак. Бир четинен коомчулукка ачык-айкын чыгып, болгон материалдык байлыгым деп көрсөтүп жатканы жакшы. Экинчи жагынан алсак, аталган мүлктөр каяктан, кайсы акчага алынды? Качан алынды? Бул өзүнчө маселе.

— Ал бул кадам менен эмнени көздөп жатат?

— Учурда бай кишини жаман деп айтууда алысмын. Себеби, рыноктук шартта жашап жаткандан кийин, айрым адамдар бат эле жолун таап байып кетиши мүмкүн. Балким бул: «Актана турган себептерим, негиздерим бар» деген кадам болушу ыктымал. «Кылмыш жолу менен байлыкка ээ болгон жокмун, мен баарына ачык жана тазамын» деген да ойду камтыйт. Менимче, муну мезгил көргөзөт.

— Күч органдары, (УКМК, прокуратура) бул нерсеге кандай реакция кылышы мүмкүн?

— Аталган органдардын милдети — көрсөтүлгөн жана көрсөтүлбөгөн мал-мүлктү тактоо. Мыйзамдын чегинде эле ээ болгон байлыктарбы, же мамлекеттин казынасына «башын салып» жибердиби? Бул иш, албетте, такталышы кажет. Бирок укук коргоо органдары калпыстыкка жол бербей, калыс чечим чыгарып бериши шарт. Тактоонун негизинде бардыгы, Мусакеев көрсөткөндөй болуп чыкса, анда ал жеңди десек болот. Эгерде тилекке каршы, көрсөтүлгөндөй болбой калса, анда ал мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек. Менимче, Мусакеев «Мен мыйзам бузган жокмун, акмын» деген ойдо эле чыгарып жатат окшойт.

— Коомчулукта капчыгы калың деп таанылган Раим Матраимовго эстафетаны узатуу менен эмнени көздөп жатат?

— Менимче, бай адамдарды сөзсүз мүлкүңөрдү элге жар салгыла деген туура эмес. Бирок өлкөбүздөгү саясий багыттарды алып караганда, Раим миллион деген адамдан байлыгыңды алып чыгып көрсөт дегенинин артында чоң саясат жатат. Ошондуктан, ким болбосун, мыйзамга таянып иштегенди үйрөнүшүбүз керек.

Copyright © 2017 Maral FM