Биз менен байланышыңыз

Серепчилердин өкмөттүн жаңы курамына берген баасы

Кыска кабар , Саясат | 15 Окт 2020 | 5894 | 0

Премьер-министр Садыр Жапаров  өкмөттүн жаңы курамын тааныштырды. Анда курам 20-30%га алмашканы айтылды.

Серепчилер өкмөттүн жаңы курамына кандай баа беришет? Аткаруу бийлигине кесипкөй адистер келди деп айтууга болобу? Учурда өлкөдө саясий да, экономикалык да кризис курч. Өкмөт жаңы курамы менен абалды жөнгө салып кете алабы? Алгач кайсы маселелерге көңүл буруу керек?


Премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңы курамын тааныштырып, курам 20-30%га алмашканын билдирди. Алсак, Равшан Сабиров менен Максат Мамытканов вице-премьер-министр болду. Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри, Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды.

Саясат талдоочу, медиа-эксперт Руслан Акматбектин баамында, эл жаңыланууну, өлкөнү саясий, экономикалык кризистен, келе жаткан тобокелчиликтерден куткарып, жаңы кадам таштай турган кесипкөй адистердин кызматка келүүсүн күткөн. Бирок өкмөттүн жаңы курамы саясий сооданын негизинде түзүлүп, элдин мүдөөсү орундалбай калды.

— Себеби өкмөттүн курамын карап көрсөк, вице-премьер-министр Аида Исмаилованын ишмердүүлүгүн пандемияда көрдүк. Артем Новиков эмнени кыйратты эле? Ал кайсы ийгилиги үчүн биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалып жатат? Жаңы курамда бир-эки жүз жаңыланбаса, калганы эски жүздөр. Бирок өкмөт ийгиликтүү болушу үчүн жакшы команда, чечкиндүүлүк керек. Тилекке каршы, аталган компоненттер өкмөттүн жаңы курамында жок. Алар команда катары иштеп кетерине чоң күмөнүм бар. Себеби курам саясий соода менен түзүлгөн. Ар кандай күчтөр өзүнүн өкүлдөрүн курамга кошкон. Ал эми чечкиндүүлүккө келсек, бизде өкмөт дайыма президенттин көзүн карап келген.

Өкмөттүн курамын түзүүдө саясий соодага барбай коюуга да болмок эмес. Жаңы курам элдин талабын эске алуу менен түзүлдү. Мындай пикирин Эмгек сиңирген юрист Нарынбек Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн курамынан жаңы жүздөрдү кезиктирүүгө болот. Маселен, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бул тармакта такшалган, андыктан ишти жөндөп кете алат. Жөндөмдүү жетекчи кыска аралыкта жыйынтык көрсөтөт. Алсак, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян дароо өзгөртүүлөрдү жасап, өлкөнүн пайдасына иштеген.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов да оюн так айтат, ал да иштеп кетерине үмүт бар. Жаңы дайындалган Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев экс-министр Чыңгыз Айдарбековго караганда бир баш өйдө турат. Бул туура тандоо болгон. Руслан Казакбаев элчи болуп ийгиликтүү иштеген. Нуржигит Кадырбеков да билимдүү кадр. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу айта албайм. «Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров Чүй облусунун жетекчиси болуптур. Нарын облусунун жетекчиси да жаңы экен. Ал аймактын шарттарын билеби? Иштеп кете алабы? Аны убакыт көрсөтөт.

Кантсе да элдин оюн эсепке алууда мыйзамдар так сакталышы керек. Өкмөттүн курамы өлкөдөгү саясий кырдаалга жараша шашылыш түрдө, макулдашуунун негизинде түзүлүп калды. Өкмөт мүчөлөрүнүн эч бирине доомат же терс мамиле жок. Бирок өкмөттүн курамын шашпай, таразалап чечүү зарыл болчу. Премьер-министр Садыр Жапаров да, аткаруу бийлигинин курамын бекиткен Жогорку Кеңеш да кырдаалга жараша чечим кабыл алды. Мындай оюн саясий серепчи Жамгырбек Бөкөшов билдирди.

— 1000-5000 адам топтолуп талап койсо, элдин пикири дей берген менен, башкаларчы? Элдин талабын эске алуунун да мыйзамдуу жолдору бар. Макулдашууун негизинде, азыркы шартты эске алып, депутаттар өкмөт башчы сунуштаган курамды бекитүүгө макул болушту. Жоопкерчилик парламентте. Мен Нуржигит Кадырбековду билем, тажрыйбалуу жигит. Алмазбек Бейшеналиев да аткаруу бийлигинде иштеген экен. Алдыда саясий процесске жараша Жапаровдун татыктуу кадрларды тандоого мүмкүнчүлүктөрү бар. 

Руслан Акматбек учурда өлкөдө коопсуздук, стабилдүүлүк маселеси эң орчундуу болуп турганын, анткени митингдер токтой электигин эске салды. Мындан сырткары коронавирус күчөп баратканын коңгуроо кагып, ага тийиштүү көнүл бурулбай, илдет тууралуу кабарлар саясий жаңылыктардын көлөкөсүндө калып кетип жатканына тынчсызданды. Жаңы өкмөт ушул маселелерге көбүрөөк көңүл бурушу керектигин белгиледи.

— Үчүнчүсү, экономикалык маселелер. Бул жаатта көп жоготууларга учурадык. Бизнестин алдында белгисиздик бар. Бизнес чыркырап үнүн жеткире албай жатат. Төртүнчү маселе — уюшкан кылмыштуу топтор. Кримчөйрө кааласа өлкөдө күн тартибин өзгөртүп коё турган даражага келип калганын көрдүк. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү керек. Ал үчүн өкмөткө билимдүү кадрлар келиши кажет эле. Ага саясий эрк керек болчу. Бирок жаңы өкмөттө булар көрүнбөй жатат. Акыркы күндөрдө кызмат бөлүштүрүү, саясий соода менен алектенип калгандайбыз.

Премьер-министр буга чейин өкмөттүн курамын жаштар менен толуктай турганын айткан.

— Курамды толук алмаштырууга убакыт керек экен. Кырдаалды турукташтыруу үчүн ушундай кадамга бардык. Эми жакын арада катарыбызга жаштарды кошобуз. Илими жетсе, тармакты тартып кете ала турган болсо, сөзсүз түрдө жаштардан аралаштырабыз. 

Кошумчалай кетсек, 14-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлап, өкмөтүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитишкен.

Copyright © 2017 Maral FM