Биз менен байланышыңыз

Ош мэриясы Матраимовдун муниципалдык жерди мыйзамсыз тосуп алганын аныктады

Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 1627 | 0

Ош шаардык мэриясы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимовдун үйү жайгашкан жерди Архитектура башкармалыгы жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте текшерип, «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна бара турган жолду тосуп алганын аныкташты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров «Марал» радиосуна билдирди.

-«Келечек» балдардын чыгармачылык борборунун арт тарабын тосуп алышкан болчу, бирок аны бүгүнкү күндө толугу менен бошотуп берип, тосулган дарбазаларды алып салышкан. Тигилген бак-дарактар «Келечек» балдар борборуна калды. Ал эми үйдүн арт жагындагы жол муниципалдык жол болуп эсептелинет. Ал жолго эч кандай уруксат кагаздары жок экендиги биз тараптан аныкталды жана жолду өз алдынча ачууга эскертүү берилди, -деди Азамат Абсатаров.

Ошондой эле, Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Абсатаров, Матраимовдор тарап аталган жолго келишим бар экендигин билдиришкендигин кошумчалап, эртең, 9-декабрда келишимди алып келишсе, ошого карап дагы кошумча маалымат бере тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» радиосу «Руслан Матраимовдун үйү Оштогу «Келечек» балдар борборунун эксперименттерди өткөрүү аянтчасына курулган жана ошол жердеги өтүүчу жолду тосуп алган», — деген маалымат тараткан. Андан соң, Ош мэриясы Матраимовдун үйү салынган жерди текшере тургандыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM