Биз менен байланышыңыз

Темировдун сабалышы боюнча депутат Матраимов үн катты

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 959 | 0

Бүгүн, 9-январда түшкө жакын Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун ур-токмокко кабылышы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жеке пикирин өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

«Болот Темиров деген журналистке кол салуу болгонун окудум. Аны 3 жигит акмалап жүрүп, сабап кетишкени айтылууда. Бул азырынча анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу, же башка себептер менен болгонбу, ачыктала элек. Эгер, журналисттин сабалышы — анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт.

Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы — мыйзамга каршы келген аракет. Тиешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл», — деп жазган Матраимов.

Ошондой эле ал сабалган журналист жигитке ден соолук каалап, батыраак айыгып, калемин колуна алышына тилектештигин билдирген.

Ал эми, Болот Темиров «Азаттыкка» берген маегинде бул кол салууну  өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырган. Анын божомолунда, бул FactCheck порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланыштуу болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM