Биз менен байланышыңыз

Искендер Матраимов бүгүнкү митинг боюнча үн катты

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 5535 | 0

Бүгүнкү жана буга чейинки митингдер тууралуу жарандык көз карашымды айтып коюну туура көрдүм. Себеби, бул иш-чаралар биздин үй-бүлөгө каршы уюштурулуп жаткандан кийин, унчукпай коюуга болбос. Албетте, ар бир жаран көз карашын айтып чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биздин мамлекетте сөз эркиндигине ченемсиз укуктар берилген. Тилекке каршы, ушундай чексиз укуктардан пайдаланып, айрым күчтөр мындай мүмкүнчүлүктөрдү кимдир-бирөөнүн кадыр-баркын тебелөөгө пайдаланып жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына билдирди.

«Айрым журналисттер дагы журналисттик этикадан четтеп, бей тараптуулукту сактабай, бир жактуу каралоого орун берип келишти. Ал гана эмес, болуп жаткан митингдерге чогуу чыгып, өздөрүнүн көз карашын таӊуулап жатканын байкоого болот. Мындай аракети менен алар кыргыз журналистикасын дискредитация кылып жатат деп эсептейм.

Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишенип ала турган деӊгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып, биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты.

“Азаттыктын” иликтөөсү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгын күтпөй эле саясий кызыкчылыгы бар топтор улам арты-артынан акцияларды уюштуруп, инимдин сүрөтүн жасалмалап, шылдыӊдап көтөрүп алып чагымчылдык пикирлерди жайылтуу менен алек. Учурда эмне гана болбосун бизге шылтап, ал тургай шаарды каптаган ышты дагы бизден көрүп жатышпайбы?

Айтор, Кыргызстандагы бардык ийгиликсиздер үчүн жалгыз эле биз күнөөлүүдөй көрсөтүшүүдө. Бүгүн дагы кезектеги иш-чарасын өткөрүшүп, бир топ жарандар Ала-Тоо аянтына чогулушту. Биздин дарегибизге жасалып жаткан каралоо чындыкка дал келбесин убагы келгенде, териштирүүлөр аяктаганда далилдеп беребиз. Бет тырмоочулуктарга, жалган жалааларга дагы жообубуз бар, аны убакыт, мезгил ордуна коет», — деп билдирген Матраимов.

Copyright © 2017 Maral FM