Биз менен байланышыңыз

Матраимовдор фонду COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү боюнча эсепке 10 млн сом салым кошту

Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 504 | 0

Бир тууган Матраимовдордун “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду коронавирус илдети менен күрөшүүгө салым катары, мамлекет тарабынан ачылган атайын эсепке 10 миллион сом акча которду. Бул маалыматты Жогорку Кеӊештин депутаты Искендер Матраимов “Маралга” тастыктады.

“Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду саламаттык сактоо тармагына медициналык жабдыктарды, жардамга муктаж калктын катмарына медициналык бет каптарды жана ун, май азыктарын таратып берип келдик, билесиздер да. Мындан тышкары, атайын ачылган мамлекеттин эсебине 10 миллион сом акчалай каражатын дагы котордук, — дейт Искендер Матраимов.

Депутат берилген жардам, кошкон салымдар COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө натыйжа берип, эл  илдеттен курмандыксыз өтүп кетсин деген тилегин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM