Биз менен байланышыңыз

Матраимовдордун үч медианын үстүнөн жазган арызы боюнча соттук отурум 20-январда уланат

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 740 | 0
Сүрөт 24.кг интернет сайтынан алынды

Матраимовдордун “Азаттык”, “Клооп” жана 24.kg маалымат булактарына жана журналист Али Токтакуновдун үстүнөн жазган арызынын негизинде, бүгүн, 19-декабрда алгачкы сот отуруму болуп, кийинки соттук отурум 2020-жылдын 20-январына белгиленди. Соттук отурумга Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова жетекчилик кылды.

Соттук отурумда Матраимовдордун адвокаты соттук отурумду видеого тартууга тыюу салууну суранды. Сот өтүнүчтү канааттандырып, видео тартууга тыюу салды.

Ошондой эле Матраимовдордун адвокаттары журналисттик иликтөөлөрдөгү бир катар маалыматтарды интернетке жайгаштырууга  жана кайрадан көчүрүп басууга тыюу салууну өтүндү, бирок сот Жылдыз Ибраимова мындай өтүнүчтү четке какты.

Эскерте кетсек, бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Ошондой эле, 13-декабрда Матраимовдордун жактоочусу “Азаттык”, “Клооп” жана 24.kg маалымат булактарынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берип, арызы 14-декабрда сотто канааттандырылган.

Copyright © 2017 Maral FM