Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев Төлөгөн Рахманберди уулунун айылдаштары менен жолукту

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 1369 | 0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Төлөгөн Рахманберди уулу боюнча президентке видео кайрылуу жасаган Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Ош облусунун Арпа –Тектир айылынын жашоочулары президентке кайрылышып, айылдашы Төлөгөн Рахманберди уулуна Ошто Райым Матраимовдун жандоочулары Кылыч Саркарбаев, Нурбек Райымбеков, Мунар Матраимовдор тарабынан коркутуу-үркүтүү болуп жатканын айтышкан.

Бүгүн, 19-февралда президенттин тапшырмасы менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолугуп, Төлөгөн Рахманберди уулу боюнча, ошондой эле Ош облусунда жана Ош шаарында болуп жаткан кылмыштуу окуяларга кимдин катышы бар болсо, бардыгы мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын айтты.

«Ошол эле сиздердин уулуңар Рахманберди уулу Төлөгөндүн жана анын шериги Эмилбек Кимсановдун кылмышка шектүү экендигин сиздер жакшы билесиздер, жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланып жатат. Мына, экөөнө тең учурда издөө жарыяланды, качып жүрүшөт. Эгер алар таза болсо, күнөөбүз жок, айта турган сөзүбүз бар дешсе, анда бизге, укук коргоо органдарына келсин, качпасын, арыз-муңун ачык айтсын» , — деди Жунушалиев.

Ошондой эле Кашкар Жунушалиев, акыйкат тергей турганын айтып, эч кимдин эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабай, мыйзам чегинде катуу жана акыйкат чечимдерди кабыл ала турганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM