Биз менен байланышыңыз

Курсан Асановдун жансакчысы 22-февралга чейин камакта калды

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 988 | 0

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту бүгүн, 18-декабрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон Дамирбек Пайзылла уулунун баш коргоо чарасын карап, 22-февралга чейин камакка калтыруу чечимин чыгарды.

Эске салсак, 22 жаштагы милициянын сержанты Дамирбек Пайзылла уулу Кой-Таш окуясынан кийин Ички иштер министрлигиндеги жумушунан алынып, 23-августта кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов Биринчи май райондук соту тарабынан 23-декабрга чейин үй камагына алынган. Ал 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.

 

Copyright © 2017 Maral FM