Биз менен байланышыңыз

Матраимов «Азаттыкка» 22 млн сом доо койду

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 1488 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосуна, Kloop медиаресурсуна жана 24.kg. маалымат сайтына, ошондой эле «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго каршы сотко доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунун маалыматына таянып, 24.kg сайты жазды.

Соттун маалыматына ылайык, Райымбек Матраимов аброюна шек келтирип, жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн «Азаттык» радиосуна 22 миллион сом, Kloop медиасына 12,5 миллион сом, 24.kg. маалымат сайтына 15 миллион сом жана журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом доо койгон.

Эске салсак, 6-декабрда Райымбек Матраимов жогорудагыдай жүйө менен «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновду жана мурунку депутат Ширин Айтматованы сотко бергендигин айткан болчу.

Белгилүү болгондой, сот айыпталуучулардын банктык эсептерин камакка алуу жөнүндө өкүм чыгарган.

21-ноябрда «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланыштары айтылган.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук бийликтен иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга чара көрүүнү талап кылып, тынчтык митингин өткөргөн.  Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

УКМК сотко чейинки териштирүүнүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM