Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин ишине дарыгерлерди күнөөлөгөн туура эмес

Саясат | 10 мая 2019 | 737 | 0

Мындан алты жыл мурун кримтөбөл Азиз Батукаевге «рак оорусу менен ооруйт» деген диагноз коюлуп, соттун чечими менен абактан эрте бошотулган. Ал ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен.  Ошол кезде коюлган диагноз бүгүнкү күнгө дал келбей, кримтөбөл учурда тирүү. Мындан улам, аталган маселе кайрадан жанданып, коомчулуктун көңүлүн бурууда. Бүгүнкү күндө «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин кылмыш ишин тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, сурак беришүүдө. Батукаевдин качып кетишине бир гана дарыгерлердин койгон диагнозу себеп болдубу? Же ак халатчандар жогору жактын буйругун аткарганбы? Деги бул процесс аягына чыгабы?

2013-жылы Нарын шаардык сотунун чечими менен калган жаза мөөнөтүн аткаруудан бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишин кароо кайрадан жанданды. Батукаевге дарыгерлер тарабынан «рактын айыкпас түрү» деген диагноз коюлуп, ал тургай, 15 күндүк гана өмүрү калгандыгын да божомолдоп жиберишкен. Батукаев абактан чыгып, мекенине жөнөп кеткенден бери алты жыл өттү. Анын оор илдети тууралуу азыр сөз да жок. Учурда Орусияда жашайт. Кылмыш ишинин алкагында белгилүү онколог Эмил Макимбетов жана кан боюнча адис, медицина илимдеринин кандидаты Ирина Цопова жана аты аталбаган дагы үч дарыгер камакка алынды.

УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамыткановдун айтымында, сурак берип жаткан дарыгерлер ачык-айкын жооп беришсе, Чубактын кунундай чубалган иш аягына чыгат. Тактап айтканда, дарыгерлердин туура эмес койгон аныктамасы же башка тараптан берилген буйруктун бети ачылат.

— Кармалган дарыгерлер коркпой туура жана так жооп бериши керек. Алар билбей диагноз коюп алганбы? Же ката кетириштиби? Балким, жогору жактан буйрук болду? Суракта болгону ушул үч суроого жооп берилсе, иш бат эле жыйынтык берет. 

2013-жылы Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кеткенин териштирүү максатында Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Болот Шер жетектеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Иликтөө иштери жүрүп, бирок көп маани берилбей, аталган ишке тиешелүүлөр жоопкерчиликке тартылган эмес. Мыйзамдагы уурунун ишин тергөөдөгү комиссиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Дамира Ниязалиева кримтөбөлдүн ишине дарыгерлердин тиешеси жок деген ойдо. Бийликтин күчү бир гана дарыгерлерге жеткендиктен, ак халатчандардан баштап жатканына нааразы.

— Биз ал кезде иликтеп чыкканбыз. Иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын бергенбиз. Бүгүнкү күндө Батукаевдин ишине дарыгерлердин күнөөлүү болуп табылышын мен туура көрбөйм. Суракты эмне үчүн дарыгерлерден баштап жатышканын билбейм. Өйдө жактан баштаса, бат жана так бүтмөк.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Батукаевдин ишине шектүү деп кармалган дарыгерлерди иштин башаты деп эсептейт. Бирок дарыгерлер үчүн Батукаевге туура эмес аныктама берүүнүн кызыкчылыгы жок экенин билдирди. Бул жерде сот жана ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун да жоопко тартылышы керектигин кошумчалады.

— Дарыгерлерди айта албайм. Бирок Батукаевдин ишине тиешеси бар деп, эки-үч эл өкүлү айтылып жатат го? Эмне үчүн аларды суракка чакырышпайт да, дарыгерлерге болгон ишти үйүп жатышат. Мыйзам иштеш керек.

Деген менен, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ошол кезде ал өзүнүн мыйзам ченемдүү милдетин аткарганын айтат. Анткени, «Азиз Батукаев рак оорусу менен ооруйт» деген дарыгерлердин маалымкатынын негизинде сот чечим чыгарып берген. Андыктан, дарыгерлерди дыкат суракка алып, бул ишке тиешеси бар адамдарды жазага тартуу керек деген ойдо.

— Мен ошол кезде өзүмө тиешелүү мыйзам боюнча ишимди кылгам. Дарыгерлер аныктама берип жатса, сот чечим чыгарат да. Менин маалымкатка кандай тиешем бар? Ошондо мени кызматыман алышкан. Азыркыга чейин күнөөлөп келишет. Бирок мен кызматтан кол жууп калганыма эч качан өкүнбөйм, болгону элге жаманатты болуп калбадымбы? Бирок мен ишенем, чындык баары бир чыгат. Ал жеңет!

Ал арада саясат талдоочу Алмаз Тажыбай бул жерде саясаттын казаны кайнап, күнөөнү кимге оодарышты билбей жаткандар көп деп эсептейт. Себеби, эл Батукаевдин ишине бир гана дарыгерлердин жазага тартылышын каалабайт. Серепчи бул ишке ошол кездеги бийликтин да колу малынганын айтат.

— Канча айтканыбыз менен бул жерде чоң саясат ойноп жатат. Ал оюндан бир гана алсыздар утулат. Бүгүнкү күндө дарыгерлер ишке күнөөлүү деп табылышууда. Бул кандай максатта экенин билбейм, бирок сот адилет чечим чыгарышы керек. Президент өзү киришсе, жыйынтык бат болот.

Эске салсак, 2013-жылы КМШ аймагындагы таасирдүү делген «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев Нарын шаардык соту тарабынан «рак илдетине чалдыкканы» үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ал ошол замат атайын учагы менен Кыргызстандан чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM