Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы өрттү өчүрүү иштери уланууда (сүрөт)

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 247 | 0

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы жеке менчик өндүрүштүк аймактан чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Ага калаа мэри Мураталы Тагаев баштаган тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Аймактагы жолдор тосулуп курчоого алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Өрт өчүрүү кызматына кырсык боюнча маалымат  бүгүн саат 9:59да келип түшкөн.

Кошумчалай кетсек, болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлүп, өрттөн жабыркаган 1995-жылы туулган Ж. у. Б. аттуу жаран Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилди.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM