Биз менен байланышыңыз

Япония: Бала бакчадагы балдарга акы алынбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2019 | 716 | 0

Японияда бала бакчалар балдарды акысыз кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн Япониядагы парламенттик палатанын жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, бала бакчалар 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды акысыз кабыл алат. Ал эми 6 жаштан тарта баштапкы класска өтөт.

Андан сырткары, кирешеси төмөн үй-бүлөлөрдүн балдары жогорку окуу жайларынан акысыз билим ала алышат. Бул мыйзам 2020-жылдын аперлинен тарта иштеп баштайт.

Аталган мыйзамдарды Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ сунуштаган. Ал дайыма өлкөнүн билим берүүсүн өнүктүрүүгө жана акысыз жана жеткиликтүү болуусуна аракет кылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM