Connect with us

Медведев Кыргыз Өкмөтүнүн башчысын жана кыргызстандык ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Май 2019 | 568 | 0

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Бул күндөрү биз  келечек муундун жашоо укугу жана эркиндиги үчүн улутчулдукка каршы күрөшкөн аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдигин ыраазычылык менен эскеребиз. Согуш талаасында бекемделген достук жана боордоштук орус-кыргыз шериктештигинин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн пайдубалы катары кызмат өтөйт. Мындан ары карай да ушундай болот деп ишенем», — деп айтылат куттуктоонун текстинде.

Дмитрий Медведев ошондой эле Кыргызстанда жашаган ардагерлерди жана тылдын эмгекчилерин куттуктап, аларга бакубат жашоо, бактылуулук жана узак өмүр каалады.

Copyright © 2017 Maral FM