Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 1339 | 0

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жылдан жылга азайып баратат. 2020-жылдын 1-апрелине карата 241 ардагер бар болсо, 2021-жылы 146 ардагер калган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин ичинен 33 майып, 85 катышуучу, 13 концлагерлердин жашы жете элек туткуну, 1Ленинграддын блокадачысы, 1304ү оорук эмгекчиси, 2 эмгек армиячысы, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 5 үй-бүлөсү бар.

Мындан улам аларды социалдык колдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу ай сайынкы жана ар жылдык бир жолку төлөмдөр түрүндө жүзөгө ашырылат.

Ай сайынкы төлөмдөр жеңилдиктердин ордуна акчалай кенемте төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

7 миң сомдон Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, ошондой эле Ленинград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

2 миң сомдон майыптыгы бар ооруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына;

1 миң сомдон Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы кайратман эмгеги үчүн сыйлыгы бар ооруктун эмгекчилерине;

10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендияны Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана Ленинград блокадачылары алышат.

Жыл сайын республикалык бюджеттен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына ардагерлерге 9-майга карата бир жолку акчалай жөлөк пул төлөнүп турат.

9-майга карата бир жолку төлөм:

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, ошондой эле Лениград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына — 20 миң сом;

Ооруктун эмгекчилерине, эмгек армиячыларына, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө — 15 миң cом.

Бүгүнкү күндө министрлик аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына бир жолку жөлөк пулдарды берүү үчүн жалпы 22 млн 782 миң сом бөлүп берди.

Акчалай төлөмдөрдү жана өмүр бою берилүүчү стипендияларды ай сайын төлөө өз убагында жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM