Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктайт

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 852 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары бизден алыстаган сайын, Улуу Жеңиштин мааниси, баасы, баркы мурдагыдан да даана көрүнгөнүн белгилейт.

Жеңиш күнү — кубаныч менен кайгы, күлкү менен көз жаш аралашкан, өткөн тарыхыбызды сыймыктануу менен эстей турган күн.

9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн. Кыргызстандан ар бир төртүнчү эр-азамат согушка аттанган. Жеңиш үчүн биздин республикабыз да оор жоготууларга туш болуп, 90 миңден ашык жердешибиз кан майданда баатырларча каза болгон.

Бүгүн, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилеп жатып, согуш талаасында курман болгондордун элесине башыбызды ийип, таазим этебиз. Жеңиш күнүн жакындатып, фронттогу зарылдыкты камсыз кылып турган энелерибиздин, ошол кездеги бели ката элек балдардын, оорукта күн-түнү иштегендердин эмгегине, кайратына терең ыраазычылыклык билдиребиз, — деп белгиленет куттуктоодо.

Совет элинин баатырдыгы, анын биримдиги, өз мекенине чексиз берилгендиги — фашизмди жеңүүнүн чечүүчү фактору болгонун президент баса белгилейт.

Бүгүнкү урпактардын эркин жашоосу үчүн — аталарыбыз канын төгүп, өмүрүн, ден соолугун курмандыкка чалган. Ошондуктан Жеңиш күнүнүн бийик маанисин коргоого, Улуу Ата Мекендик согуштун сабактарын унутпоого милдеттүүбүз.

Бүгүн, Жеңиш күнү, Манас бабабыздын жолун улап, элин коргогон аталарыбыздын эрдигин сыймыктануу менен эстейбиз. 

Согуш жылдарын башынан өткөргөн ардагерлерибиздин катары, тилекке каршы, жылдан жылга суюлууда. Курман болгондордун жана кан майдандан аман келип, кийин арабыздан өтүп кеткендердин элесине таазим этебиз, — деп айтылат куттуктоодо.

Copyright © 2017 Maral FM