Биз менен байланышыңыз

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон сый акы берилет

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 488 | 0

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүлөт. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин буйругуна ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү иретинде 70 миң сомдон бөлүндү.

Ушул жылдын 1-апрелине карата маалымат боюнча Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.

Эске салсак, өткөн жылы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку жардам катары 75 миң сомдон сый акы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM