Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата-Мекендик согуштун 235 ардагери калды. Бул тууралуу парламентте Өкмөттүн өкүлү депутат Азизбек Турсунбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште «Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.