Биз менен байланышыңыз

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Жеңиш оту» марафонун өткөрүү пландалууда

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 723 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Уюштуруу комитети президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык түзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы бекитилген планга ылайык майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Майрамдык иш-чараларды, республика боюнча өтө турган маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар талкууланды.

Ошондой эле 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтар айтылды.

Жыйында Бишкек шаарында аскердик жүрүш өткөрүү, Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин орнотуу боюнча пландар тууралуу айтылды.

Мындан тышкары, Ош шаарында башталып, 8-майда Бишкек шаарында жыйынтыктала турган «Жеңиш оту» марафонун өткөрүү пландалууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калганын жана алардын саны жылдан-жылга азайып жатканын айтты. Анын маалыматы боюнча, эгерде 2019-жылы 380 ардагер болсо, азыр алардын 262си эле калды.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын соңунда Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга пландалган иш-чараларды жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM