Биз менен байланышыңыз

Президент: «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн өткөрүү сунушталып жатат

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 657 | 0

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу  9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков  билдирди.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция —  «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM