Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоору: Экинчи этапка сатып алуулар башталды

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 482 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында транспорттун агымы, видеобайкоолордун маалыматы жана жол эрежелерин бузуу боюнча автоматтык түрдө маалыматтарды жеткирүү үчүн сатып алуулар тууралуу тендер жарыялады. Бул тууралуу аталган кызматтын порталында айтылат.

Долбоордун экинчи этабынын алкагында 306 аппараттык-программалык комплекстерди сатып алуу каралган. Анын ичинен 40 даанасы жылдырып иштетүүчү, ал эми калганы унаалар ылдам жүрүүчү участокторго жана калктуу пункттарга эсептелген.

Кетип түшкөн арыздар 27-июнда каралат.

Сатып алуулар ыкмасы квалификациядан өткөрүү менен бир этаптуу болот.

Алгач сынактын катышуучусунун иш тажрыйбасы жана техникалык сунушу каралат. Кийинки турга өткөндөр өзүнүн сатып алуудагы наркын сунуштай турган этапка киргизилет.

Сатып алуулардагы пландалган сумма — 5 миллиард 791 миллион 764 миң 960 сом деп айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM