Биз менен байланышыңыз

Дарига Назарбаева 56 жашка толду

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 612 | 0

Бүгүн, 7-майда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы, Казакстан сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева 56 жашка толду.

Дарига Назарбаева  М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин жана С. М. Киров атындагы Казакстан мамлекеттик университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча тарыхчы. Саясий илимдердин доктору жана тарых илимдеринин кандидаты.

«Парасат»,  II  даражадагы «Барыс» ордендери жана башка бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

Казакстан Мажилисинин төрагасынын орун басары болуп иштеп, андан соң өкмөт башчысынын орун басары кызматына келип, кийин президентин жарлыгы менен Казакстандын Сенатынын орун басары болуп дайындалган.

Ушул жылдын март айынан бери Казакстан сенатынын төрайымы болуп иштеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM