Биз менен байланышыңыз

Нур-Султанда кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюу талкууланды

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 367 | 0

Кыргызстан менен Казакстандын чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча маселе Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында талкууланды.

Маселе кечээ, 3-мартта Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева менен Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда айтылганын Тышкы иштер министрлиги бүгүн маалымдады.

Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулашты.

Элчи Кулубаев төрайымдын көңүлүн Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында эки өлкөлөнүн кызматташтыгынын маселелерине, анын ичинде кыргыз-казакстан чек арасында боло турган тоскоолдуктарды алып салууга бурду.

Тараптар ошондой эле 2019-жылдын 27-ноябрында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөк көрсөттүү максатында жумушчу байланыштарды андан ары колдоого макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM