Биз менен байланышыңыз

Дарига Назарбаева депутаттык ыйгарым укуктан ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 мая 2020 | 2094 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламент сенатынын спикери Дарига Назарбаеванын депутаттык укуктан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койду.Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайты жазды.

Казакстандын биринчи президентинин улуу кызы Дагира Назарбаева 2019-жылдын 20-мартында Парламент Сенатынын спикери болуп дайындалган.

Ал палатанын депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланган. Жыйынга катышкан 44 сенатордун ичинен 44ү Назарбаеванын талапкерлигин колдогон.

2019-жылдын 12-августунда президент Касым-Жомарт Токаев ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу аны Сенаттын депутаты кылып дайындаган.

Дарига Назарбаева, 1963-жылы 7-майда туулган, жогорку билимдүү. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин, Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин аяктаган. Кесиби боюнча тарыхчы. Саясий илимдердин доктору, тарых илимдеринин кандидаты.

«Парасат»,  II  даражадагы «Барыс» ордендери жана башка бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

Казакстан Мажилисинин төрагасынын орун басары болуп иштеп, андан соң өкмөт башчысынын орун басары кызматына келип, кийин президентин жарлыгы менен Казакстандын Сенатынын орун басары болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM