Биз менен байланышыңыз

Зеленский инаугурациясын 19-майда өткөрүүнү сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 мая 2019 | 665 | 0

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский инаугурациясын 19-майда өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу жергиликтүү 112 каналы кабарлады.

Жаңы мамлекет башчы мындай сунушун Жогору Раданын фракция башчылары жана төрагасы менен болгон жолугушуусунда айтты.

Парламентте да ант берүү аземин 19-майга белгилөө тууралуу мыйзам долбоору катталган.

Эскерте кетсек, Украинан Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-апрелде жарыялаган. Анда добуш берүүнүн 2-турунда Владимир Зеленский 73,22 % менен жеңишке жеткенин, азыркы президент Петр Порошенко 24,45 % добушка ээ болгону кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM