Биз менен байланышыңыз

Түндүк Кореяда азык-түлүк жетишсиздиги пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 мая 2019 | 615 | 0

Кургакчылыктан жана суу ташкынынан улам Түндүк Кореяда түшүм аз жыйналды. Бул акыркы 10 жылдагы эң төмөн көрсөткүч болгонун БУУнун эл аралык азык-түлүк программасынын маалыматында айтылат.

Аталган программанын расмий өкүлү Эрве Верхузел түшүмдүн аз жыйналганынын кесепети 10,1 миллион жаранга тиерин айтты.

Маалымат 29-марттан тарта 12-апрелге чейин Түндүк Кореяда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чыккан.

Верхузел эгерде аталган өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүлбөсө, миллиондогон жарандын ачка калуу коркунучу жогору экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM