Биз менен байланышыңыз

АКШ: Boeing 737 жүргүнчү учагы дарыяга кулады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 мая 2019 | 823 | 0

Boeing 737 жүргүнчү учагы АКШнын Флорида штатына караштуу Жексонвилл шаарына жакын аймактан дарыяга кулап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына аталган шаардын мэри Ленни Карри Twitter’деги өздүк баракчасы аркылуу кабарлаган.

Алынган маалыматтарга караганда, Куба мамлекетинен сапар алган 136 жүргүнчүлүү, 7 экипаждуу учак Жексонвилл шаарындагы аэропортко конууга камынган кезде тилкеден чыгып кеткен. Кырсыктан каза болгондор катталган эмес. 21 адам жергиликтүү ооруканага жеткирилген, анын ичинен 2 адам жеңил жаракат алган.

Учурда жергиликтүү куткаруу кызматы учакты дарыядан алып чыгышты. Бул иш жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынып, тилкеден чыгып кетүү себептери иликтенүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM