Биз менен байланышыңыз

Улуттарды бириктирген ассамблеяга 25 жыл

Коом | 3 мая 2019 | 820 | 0

Бүгүн 3-майда Кыргызстан элинин ассамблеясына 25 жыл толду. Мааракеге карата өткөрүлгөн иш-чаранын расмий бөлүгү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, келген меймандарга каалоо-тилек айтуу менен бирге, ассамблеянын чейрек кылым аралыгында жасаган иштерине токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандагы ар улуттун ассамблеясынын төрагалары да катышып, кыргыз элине жана өлкө башчыга ыраазычылыгын билдирип, куттуктоолорун жолдоду.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык мааракесине катышып жаткандарды куттуктап, кыргыз элинин басып өткөн тарыхына учкай токтолуп өттү.

— Баарыңыздарды Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык мааракеси менен куттуктайм! Биздин чөлкөмдөн соода кербен жолдору өтүп, тилдердин, диндердин, маданияттардын карым-катнашы өнүккөн. Элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Элден ынтымак кетип, коомдон ырыскы качып, адамдар азып-тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да болгон. Акыл-эстүү муундар мындан сабак алып, кайра биригип, улуу инсандардын кайраты менен кайра жаралган журт болгонбуз. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат.

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, акыйкатчы Токон Мамытов Советтер Союзу тараганда, мамлекетке ар улуттун адамдарын өз кучагына алып, тартипти сактап калуу кыйын иш болгонун айтат. Мындан сырткары, ассамблеянын негизги максатын белгилеп жатып, «Өлкөдө жашап жаткан ар бир жаран кыргыз экенине сыймыктануусу керек», — деди.

— Жыйырма беш жыл аралыгында ассамблея өлкө үчүн жакшы иштерди жасады. Алсак, спорт жаатында мамлекеттик кызматтарда ийгиликтер болуп жатты. Негизи биздин максат мамлекеттеги улуттардын ынтымагын, биримдигин чыңдоо. Кыргызстан элинин ассамблеясы өлкөдө орун алган чоң эки окуяда өзүн көрсөтө алды. Биздин жерде жашап жаткан ар кайсы улуттун каада-салтын, улуттук кийимдерин сыйлап келебиз. Ар ким өзүлөрү каалаган тилде сүйлөйт. Бул дагы чоң жетишкендик деп билем.

«Иттипак» уйгур диаспорасынын төрагасы Артык Хаджиев Кыргызстан элинин Ассамблеясы улуттар аралык ынтымакты чыңдоого чоң салым кошконун айтат. Андан сырткары, ар улуттун адамдарын жумуш менен камсыздоого кылган аракеттери зор деп эсептейт. Төраганын пикиринде, аталган ассамблеянын улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо үчүн жасаган ар тараптуу эмгектери көп.

— Бүгүн абдан чоң иш-чара болуп жатат. Этникалык улуттар 25 жылдык мааракеге абдан кубанып турабыз. Айтканга оңой болгону менен, канчалаган улуттун элин бир өлкөгө батырып жашатуу, бөлүп-жарбай бийик деңгээлдеги мамиле жасоонун өзү чоң жетишкендик деп билем.

Ал эми иш-чарага Нарын шаарынан келген Татьяна Балаева Кыргызстанда төрөлүп калганына сүйүнөт. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлүп өскөн. Учурда Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектепте башталгыч класстардын завучу болуп эмгектенет. Кыргызча суудай сүйлөгөн Татьяна Кыргызстандан эч жакка кеткиси келбей турганын айтып берди.

— Кебетем орус болгону менен, өзүмдү кыргызмын деп эсептейм. Ат-Башы районунда төрөлүп өскөм. Мындан беш жыл мурун Орусияга биротоло көчүп кеткенбиз, бирок кайра эле кайтып келишке туура келген. Себеби, ал жакта адамдар бири-бири менен сүйлөшүшпөйт экен. Таптакыр башкача сезилди. Мен кадимкидей эле кыргыздын улуттук тамактарын жасаганды билем. Уй саайм, жөргөм өрөм, ичеги-карын артам дегендей. Ар кайсы улуттан досторум бар. Мен Кыргызстанда төрөлгөнүмө сүйүнөм!

Кыргызстан элинин Ассамблеясы  1994-жылдын 21-22-январында түзүлгөн.  Аталган ассамблеянын негизги максаты: этностордун улуттук кызыкчылыгын коргоо. Бүгүнкү күндө өлкө калкынын 20 %ын башка улуттар түзөт. Ал эми жалпы Кыргызстан аймагында 80ден ашык этностун өкүлдөрү жашайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM