Биз менен байланышыңыз

Боронов: Экономикага таасир берген бизнес-долбоорлорго көңүл буруу зарыл

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 447 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында облустардын жана өсүү чекити болгон 20 шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов министрлик жана ведомвстволордун жетекчилерин өсүү чекити — пилоттук шаарларды өнүктүрүүдө тармактык иш-чаралардын, тактап айтканда, жолдордун курулушу, энергетиканы өнүктүрүү, билим берүү, саламаттык сактоо жана туризм маселелеринин тыгыз байланышына көңүл бурууга чакырды.

«Аймактык экономикага таасир бере турган инфраструктуралык мүнөздөгү жана бизнес-долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу зарыл», — деп баса белгиледи.

Кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өсүү чекити катары тандалган шаарларды өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды жүзөгө ашыруунун начардыгын белгиледи.

Муну эске алуу менен ар бир шаардын мэрине кыска мөөнөттүн ичинде аймакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бир жана беш жылдык планды иштеп чыгуу, шаарлардын активдүү өнүгүүсүнө тоскоол болгон кемчилдиктерди четтетүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM