Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин маалымат катчысы кызматына 3 миңден ашык резюме түшкөн

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2019 | 546 | 0

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский маалымат катчылыкка журналист издей тургандыгын Facebook баракчасына жарыялаган болчу. Ал өзүнүн жарыясында маалымат катчылыкка эң аз үч тил билген, (украин, орус жана англис тилин сөзсүз билүүсү керек), журналистика тармагында тажрыйбалуу жана 24 саат бою иштөөгө макул болгондорду кабыл ала тургандыгын айткан.

Жарыядан соң, электрондук почтага 3 миңден ашуун резюме келип түшкөн. Бул тууралуу Зеленскийдин маалымат кызматы билдирди. Каалоочулардын арасында кесипкөй журналисттерден тышкары, пиар-менеджерлер теле алып баруучулар, блогерлер, актёрлор, студенттер да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM