Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлердин 52 %ы Бишкекте иштейт

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 646 | 0

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин каттоонун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмү билдирди.

Ушул жылдын 1-январына карата алынган маалымат боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик кызматкерлердин жалпы саны 17,8 миң адамга жеткен. Ошол эле учурда, алардын 40 %ын аялдар түзгөн.

Өлкө боюнча Бишкек шаары башкы орунда туруп, мамлекеттик кызматкерлер 9321 адамды түзөт. Бул мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын 52 %ы дегенди билдирет. Ал эми Ош шаарында 1157 адамды түзөт.

Облустар боюнча эң көп мамлекеттик кызматкер Жалал-Абадда катталган. Алардын саны — 1735 адам. Андан кийинки орунда 1412 кызматкери менен Чүй облусу турат. Эң аз мамлекеттик кызматкер иштеген облус — Талас. Анда 573 мамлекеттик кызматкер иштейт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жалпысынан 10 миң кызматкер иштейт. Алардын 8 миңден ашыгы минуципалдык кызматкер болуп эсептелинет.

 

Copyright © 2017 Maral FM