Биз менен байланышыңыз

Санкт-Петербургда Кыргыз жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 386 | 0

Санкт-Петербургда өз мекендештерине зомбулук көрсөтүп, опузалоо жолу менен карактап жүргөн Кыргызстандын жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

29-апрелде Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгү, Орусиянын ИИМнин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча Башкы башкармалыгы жана Орусиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, Орусия гвардиясынын жоокерлеринин катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эки Кыргызстандын жараны кармалган. Алардын бири, Ош облусунун Кара-Суу районунун 1981-жылы туулган А. Ж. аттуу тургуну, маалымат боюнча Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча «смотрящий» болгон. Экинчиси, Ош облусунун Алай районунун 1987-жылы туулган Э. А. аттуу жогорудагы «смотрящийдин» оң колу.

Маалыматы боюнча, кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

30-апрелде соттун чечими менен кармалган жарандар Санкт-Петербург шаарындагы тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Азыркы учурда аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн жабыр тарткандардын өздүгүн тактоо, андан сырткары ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM