Биз менен байланышыңыз

Трамп Япониянын жаңы императоруна куттуктоо жолдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2019 | 593 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Нарухитону Япониянын императору болушу менен жалпы америкалыктардын атынан куттуктады. Бул тууралуу Ак үйдөн кабарлаганын эл аралык басылмалар жазды.

«Биринчи айым (Меланья Трамп) жана мен, улуу император Нарухито жана императрица Масакону Япониянын башчылары болушу менен куттуктайбыз. Японияга Рэйва жаңы эрасы кирип жаткандыктан, эки өлкөнүн достугун дагы жаңылап, күчөтүшүбүз керек», — деп белгилейт Трамп.

Ага кошумча, Америка лидери Вашингтон менен Токионун мамилесинин гүлдөп-өнүгүүсүн каалады.

Мыйзамга ылайык, Нарухито 1-майдан баштап императордук кызматына киришет.

Нарухито – II Дүйнөлүк согушта болгон Токиодогу капитуляциядан кийин төрөлгөн алгачкы япон монархы. Ал «Гакусюин» жана Оксфорд университеттерин аяктаган.

Жубайы, 55 жаштагы Масако — Япониядагы белгилүү дипломаттын кызы. Ал Токио жана Гарвард университеттеринде билим алган. Императордун үй-бүлөсүндө 18 жаштагы 1 кызы бар.

Copyright © 2017 Maral FM