Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаев акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 798 | 0

Бүгүн Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, улуттук театр искусствосунун залкары Сатыбалды Далбаев 29-апрелдин кечинде 85 жаш курагында көз жумган.

Алтымыш жылдан ашуун театрда эмгектенген Сатыбалды Далбаев дүйнөлүк, орус жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган 100дөн ашуун спектаклдерде башкы жана негизги ролдорду ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.

Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаев дүйнө салды

 

Copyright © 2017 Maral FM