Биз менен байланышыңыз

Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаев дүйнө салды

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 760 | 0

Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, «Манас» орденинин сыйлануучусу, кыргыз театрынын залкары Сатыбалды Далбаев 85 жашында жарыкчылык менен коштошту. Бул тууралуу Т. Абдымомунов атындагы КУАДТтын маалымат жана адабият бөлүмү кабар таратты.

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа кыштагында туулган. 1952-1957-жылдары Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институнда окуган. 1952-жылдан Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына актер болуп кирип, эмгек өргүүсүнө чыкканга чейин аталган жерде иштеген. Театр сахнасында көптөгөн көрүнүктүү ролдорду жаратып, кыргыз театр искусствосуна кайталангыс из калтырган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM