Биз менен байланышыңыз

Сот Мамкаттоонун орун басары Руслан Сарыбаевди үй камагына чыгарды

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 684 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК маалымат каражаттарына билдирди.

Чет элдик паспорттордун бланкаларын сатып алууда коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталгандардын катарында Руслан Сарыбаев да 17-апрелде эки ай тергөө абагына киргизилген болчу.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаардык соту Сарыбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев менен бирге статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалган. Бакчиев менен Абдуллаев учурда УКМКнын тергөө абагында олтурат.

Copyright © 2017 Maral FM