Биз менен байланышыңыз

Архитектура кызматкери 1,5 миң доллар пара алып кармалды

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 1037 | 0

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы 1,5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Мекеменин 46 жаштагы бөлүм башчысы шаардын Арча-Бешик конушунун айрым тургундарынын жер тилкесине жана курулуш курууга уруксат кагазы жок экенин аныктаган.

Турак жайларды буздурам деген коркутуу менен ал конуштун тургундарынан 10 миң доллар акча талап кылып, аны системалуу түрдө алып келген. Акчанын 2 миң долларын 2018-жылы алган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча катталып, сотко чейинки аракеттер көрүлүп жатат.

Кармалган шектүү учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM