Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Бишкек» эркин-экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 687 | 0

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиевди жана Б.М.А. аттуу кызматкерин кармады.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын ишмердүүлүгүнөн коррупциялык схемалар аныкталган.

«Эркин экономикалык аймактын жооптуу адамдары мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурган учурда көмүскө киреше алуунун туруктуу схемасын түзүп алышканы аныкталды. Муну менен сатып алуудан, түзүлгөн келишимден пайда көрүп турушкан».

Ошондой эле, «Бишкек» ЭЭАнын башкы дирекциясынын каржылык ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталган, алар негизсиз сатып алууларды жана чыгымдарды жүзөгө ашырган.

«Башкы башкармалыктын товарларды сатып алууга каралган жылдык бюджети 2016-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта «Бишкек» ЭЭА Башкы дирекциясынын мамлекеттик бюджетке бөлгөн каражатын 2 пайыздан 0,02 пайызга чейин төмөндөтүү менен негизсиз ашыкча бааланган», — деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM