Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттүн эмес, президенттин отчётун кабыл алгандай колдоп койдук»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2019 | 581 | 0

Эл өкүлдөрү аткаруу бийлиги былтыркы аткарган иштери боюнча маалымат берип жатканда, өкмөттүн эмес, президенттин отчётун кабыл алгандай колдоп койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Өкмөт бир жылдын ичинде көйгөйлөрдү аныктаганын айтып, эми иштей турганын белгиледи. Бирок, кандай иштээрин айткан жок. Бизде өзгөрүүлөр жай жүрүп жатат», — дейт Бокоев.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Жогорку Кеӊеш Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча берген отчётун жактырган.

Жогорку Кеӊеш Өкмөттүн 2018-жылдын отчётун жактырды

Copyright © 2017 Maral FM