Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеӊеш Өкмөттүн 2018-жылдын отчётун жактырды

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 428 | 0

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө маалымат угулуп, талкуу жыйынтыгында премьер-министрдин отчету канааттандырарлык деп табылды.

Премьер-министрдин отчетун угуу жол-жоболорун жыйынтыктап жатып, Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Өкмөттүн 2018-жылдагы иши эки күндөн бери талкууланганын, Өкмөттү колдоо менен бирге, анын дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылганын, бир топ иштиктүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилгенин белгиледи.

«Отчетто көрүнүп тургандай, Өкмөт өлкө экономикасындагы импорттун өсүү, экспорттун түшүү тенденциясына өзгөчө көӊүл бурушу керек, анын кесепети жакшылыкка алып келбейт», — деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде өлкөнүн экономикасы үчүн кыйла сынаакы мезгил болгонун, Өкмөт түзүлгөн кырдаалды туура баамдап, өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүштү камсыз кыла алганын, мында президент, кыргыз парламенти, аткаруу бийлиги биргелешип иш алпарганын билдирди.

Жыйын жүрүшүндө өткөн жылда кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен, өлкөнүн экономикасын көтөрүп, карапайым калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, өлкө экономикасына инвестиция тартып, башталып калган ири долбоорлор менен программалардын ишке ашуусун камсыздоо, кылмыштуулукту кыскартуу, анын ичинде коррупциялык жосундарды жоюу, кадр тандоо чараларына көбүрөөк көӊүл буруп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

Талкуунун жыйынтыгында Өкмөткө мамлекеттик бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу максатында, кошумча каржы булактарын таап, бюджет тартыштыгын кыскартуу, инфляцияны төмөндөтүү, инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү, импорттун көлөмүн азайтып, экспортту көбөйтүү, ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын позициясын бекемдөө, аймактарды өнүктүрүү алкагында ырааттуу иш алпарып, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM