Өкмөттүн бир жылдык отчету тууралуу коомчулукта ар кандай кептер айтылып жатат. Алсак, өкмөттүн отставкасын талап кылып, алардын жүргүзгөн саясаты күзгө чейин жетпей турганын айтышса, башкалары премьер-министр болгон күч аракетин жумшап, колунан келишинче иш алып барып жатканына токтолушууда. Мындай пикирлерден кийин «Азыркы өкмөт дагы канча убакытка чейин иш алып бара алат?» — деген суроо пайда болот.
Өкмөттүн өткөн жылда аткарган иштерин парламенттин 101 депутаты канааттандыраарлык деп тапса, бир гана депутат Исхак Масалиев «каршы» добуш берди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин башка депутаттары деле өкмөттүн отчетуна канааттанган эмес, бирок добуш берүү маалында баары колдоп жиберишти.
— Өзүңүздөр көргөндөй өкмөттүн отчету эл күткөндөй болгон жок. Жеке ишкерлер жасаган иштерди деле биз жасадык деп жатышты. Мамлекеттин деңгээлинде ошондой жумуштар аткарылмак беле? Трибунага чыгып, катуу-катуу сүйлөп койсо эле, булар жакшы иштеп жатыптыр деген ойлордон алыс болушубуз керек. Башында эл өкүлдөрү көптөгөн сындарды айтып жатышкан, анан эле бардыгы колдоп берип коюшпадыбы? Эгерде өкмөттүн иши канааттандыраарлык деп баалана турган болсо, эмне үчүн кемчиликтерди айтышат? Ошондо эле жакшы деген бааларын беришпейт беле? «Ата Мекен» фракциясы болсо, өкмөттүн ишин баалоо учурунда катышпай да коюшту. Отчет бүткөндөн кийин кофе ичип отурганда, бир топ депутаттар келип, туура эле баалаганымды айтышты. Көрсө, алар деле отчетко анчейин канааттанбаптыр.
Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары болсо, добуш берүүгө катышкан жок. Таблодогу маалымат боюнча, алар добуш берүү учурунда жыйынга да катышкан эмес. Аталган партиянын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, эгерде өкмөттүн отчетуна канааттанбай турган добуш бергенде, алардын чырагына май таамп, каршы делген добуш аз болуп, калганы колдоп берди деген ойдо калмак. «Ошон үчүн өкмөттүн шоу отчетуна катышкан жокпуз», — дейт эл өкүлү.
— Ооба биздин фракциядан эч ким добуш берген жок. Анткени, биздин партия эркин жана ар ким өзүнүн баасын берүүгө милдеттүү. Биз эмне үчүн добуш берүүгө катышкан жокпуз? Эгерде өкмөттүн ишин бааласак, албетте, «каршы» деген бааны коймокпуз, анда өкмөттүн ойлогону ордунан чыгып, аз эле депутат биздин ишке канааттанган жок деп чыгышмак. Ошон үчүн баа берилген жок биз тараптан. Жыйында өкмөт тараптан эч кандай реакция болгон жок. Уялып, ооба каталарды оңдойбуз дешсе деле болмок. Тилекке каршы, андай жоопторду уга да, көрө да алган жокмун.
Анткен менен, саясат талдоочу Марат Казакпаев өкмөт болгон күч-аракетин жумшап иштеп жатат деген ойдо. Болгону, премьер-министрге жаңы пландар керек жана дасыккан адистер менен иш алып баруусу кажет.
— Премьер-министр такыр иштебей жатат дегенден алысмын. Көп эле иштерди аткарууда, болгону эски реформа менен гана жумуштар жүрүп жатат. Бир жыл менин оюмча, өлкөнү гүлдөтүп жиберүүгө аябай эле эрте.
Өкмөттүн бир жылда жасаган иштерине элдин жана эл өкүлдөрүнүн анчейин ичи чыкпай калгандыктан, өкмөт күзгө жетпей тарап кетиши мүмкүн. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев «Маралга» билдирди. Интернеттин заманында элди алдоо кыйын жана чиновниктердин ар бир жасаган иши калкка айдан-ачык көрүнүп турат.
— Бир жылда өкмөт мамлекетке канчалаган көп суммадагы инвестиция алып келмек. Андайларды байкай алган жокмун. Мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысын көтөрөбүз дешкен, отчетто эми карап, чечебиз деп жатышат. Мындай аракеттерди кош көңүлдүк катары сыпаттасак болот.
Ушундай эле ойду экономист Эркин Абдразаков да колдойт. Абдразаков өкмөт президенттин колдоосу менен күзгө жетсе жетти, болбосо эл дагы, парламент дагы алардын отставкасын талап кыла турганын божомолдойт.
— Президент өзү өкмөттүн отчетун колдоп бергиле десе, албетте колдойт да. Мындай жүрүш менен күзгө жетсе жетет, болбосо чачырайт го деп ойлоп турам. «Жылыга эле премьерди алмаштыра беребизби?» — деген суроо пайда болот. Эгерде иштей албай жатышса, жакшысы келип калат деген үмүт менен шайлайт да кайра.
Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын 30-өкмөт башчысы. Анын премьер-министр болгонуна бир жылдан ашты. Бул аралыкта министрлер кабинетинде бир топ өзгөрүүлөр болду. Алсак, 6 министр алмашып, 13 жетекчи кызматтан алынган.