Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы таштандыларды сорттоочу завод курууга тендер жарыялады

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 460 | 0

Бишкек шаардык мэриясы катуу таштандыларды иргөөчү жана кайра иштетүүчү завод курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тендер эки стадия менен өткөрүлмөкчү. Биринчи стадияда бааларга басым жасалбай, жалаң гана техникалык сунуштар каралат. Ал эми, экинчи стадияда коммерциялык сунуштар, ошондой эле тендерге байланыштуу бардык документтер  каралат.

Тендерге катышуучулардын арызы ушул жылдын 7-июнуна чейин кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM