Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Зеленскийди куттуктады

Без рубрики , Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 767 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Зеленскийди Украинанын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы телеграммасында Владимир Зеленскийди Украинанын президенти кызматына шайланышы менен куттуктап, мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалады.

«Сизди Украинанын президенти кызматына шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктайм. Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Украина элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Copyright © 2017 Maral FM