Биз менен байланышыңыз

Ок өтпөс поезд менен Орусияга келген Ким Чен Ын [ФОТО]

Дүйнө | 25 Апр 2019 | 1230 | 0

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын алгачкы жолу Орусияга расмий сапар менен келди. Владивостокто Түндүк Корея лидеринин ок өтпөс поездин  Орусиянын делегациясы кызыл килем менен тосуп алды. Ал бүгүн Русский аралында Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Кечээ таң эрте Ким Чен Ындын брондолгон поезди Хасан темир жол станциясына келип токтоду.

Фото: ТАСС

Владивостоктогу вокзалда Ким Чен Ын үчүн кызыл килем салынууда.

Фото: GETTY IMAGES
Фото: Reuters

Түндүк Корея лидерин атайын аскердик оркестр шаң менен тосуп алды.

Фото: Reuters
Фото: ТАСС, Юрий Смитюк

Ким Чен Ынды Орусиянын Ыраакы Чыгыш маселелери боюнча министри Александр Козлов тосуп алды.

Фото: ТАСС, Юрий Смитюк
Фото: AP/ТАСС

Вокзалдын сыртында атайын ок өтпөс лимузин күтүп турган. Аны Ким Чен Ындын унааны тегеректеп чуркаган жан сакчылары курчап алышты.

Фото: Reuters

Copyright © 2017 Maral FM