Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Кыргызстандын мурдагы депутаты 10 жылга эркинен ажыратылды

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 475 | 0

Алматы шаарынын райондук соту аткезчилик боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жыл эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу Тengrinews.kz сайты маалымдады.

Соттук отурумда мурдагы депутаттан башка дагы 11 айыпталуучу болгон.

3-апрелде болгон соттук отурумда прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчиликке күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

Кошумчалай кетсек, бул иш боюнча соттук жараян былтыр 19-октябрда башталган. Анда Асылбек уулунан тышкары дагы 11 адам айыпталуучу катары сурак берип жатат. Аларга карата «экономикалык аткезчилик» жана «трансулуттук уюшкан топко тиешеси бар» деген айыптар тагылган. Тергөө боюнча айыпталуучулар Казакстан менен Орусияга Кытайдан мыйзамсыз товар ташып келишкен.

Эске салсак, былтыр февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. 2018-жылдын апрель айында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыраткан.

Декабрда экс-депутат казак жарандыгынан ажыратылган. Асылбек уулу өзү сот башталган күнү Кыргызстандын жараны экенин айтып, аны Кыргызстанда соттоону өтүнгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM