Биз менен байланышыңыз

Экотуризм боюнча коопсуздук күчөтүлөт

Без рубрики , Коом | 23 Апр 2019 | 665 | 0

Ысык-Көл облусуна келген чет элдик эс алуучулардын саны жыл санап өсүп жаткандыгы байкалууда. Айрыкча, акыркы 2 жылдык көрсөткүчтө тоо туризминин ички дүң өндүрүмгө кошкон салымы өтө көп экени маалым болду. Андыктан, быйылкы жылы келе турган меймандарга коопсуздук маселесин күчөтүлөт.

Акыркы жылдарда батыш өлкөлөрдүн туристтери көлгө түшүүдөн тышкары, тоолорубуздун, таза табиятыбыздын койнунда эс алып, саякат жасоо үчүн да көбүрөөк келе баштады. Андыктан, альпинистердин коопсуздугу боюнча саламаттыкты сактоо тармагы жугуштуу оорулардын алдын алат. Мунун алкагында Ысык-Көлдөгү 1 миллион 250 гектар жерге кара тумоого каршы профилактика жүргүзүлө тургандыгын аталган кызматтын Каракол шаарындагы бөлүм башчысы Равшан Маймулов билдирди.

— Кара тумоонун алдын алуу боюнча 15 кишиден турган 3 топ жайлоолордо иш алып барат. План боюнча Сары-Жаз өрөөнүнө, Эӊилчек, Ат-Жайлоого тиешелүү 50 миӊ гектар жерге дуст чачылат. Андан сырткары, Жети-Ѳгүз районунун Беш-Мойнок өрөөнүндөгү Карасай, Карагер жайлоолорунун 80 миӊ гектар жерине прфилактика жүрөт. Ошол эле учурда, тоолорго саякат жасоо үчүн келген туристтердин маршруттарын, кайсыл жакка коно тургандарын тактап, эмнеден сак болуу керектигин маалымдайбыз.

Мындан сырткары аймактын тескей тоолоруна жана деӊиз деӊгээлинен 7 миӊ метр бийиктикте жайгашкан Хан-Теӊири, Жеӊиш чокуларына бара турган альпинисттердин коопсуздугу эске алынат. Маселен, туристтер бара турган каттамынан адашып кетсе, же кандайдыр бир көйгөйлөрү болсо, чет тилин билген 23 кызматкер жардам көрсөтөт. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов белгиледи.

— КР ИИМде курорттук аймакта туристтик милиция түзүлдү. Жакынкы арада биздин башкармалыкта да 23 штаттан турган туристтик милиция түзүүнү пландап жатабыз. Алар негизинен кайгуул-күзөт кызматынын ичинде иш алып барат. Башкы талап катары чет элдик тилди мыкты өздөштүргөн адистер сынактык негизде тандалып алынат. Алар котормочунун жардамы жок эле, кайрылган жарандардын маселесин оӊой жана тез чечип берүүгө аракет кылышат.

Ошондой эле, акыркы жылдардан бери Ак-Суу районундагы Алтын-Арашан, Алтын-Бубак, Жыргалаӊ тоолоорунда да экотуризмдин агымы башталды. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кылмыштуулуктун алдын алып, эл арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандарын райондук администрациянын башчысы-аким Акылбек Түкөбаев кабарлады.

— Туристтердин коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Азыр айыл өкмөттөрдө аксакалдар соттору, ардагерлер кеӊеши, жаштар комитети болуп, кылмыштуулуктун алдын алууга чакырык жасалууда. Негизги талап: сырттан келген меймандарга аяр мамиле кылып, аларды чоочутуп албашыбыз керек. Себеби, Ак-Суу районунун 12 айыл аймагы жакырчылыктан чыга элек. Келечекте агрардык шартка байланбай, туризм аркылуу ирденсек болот.

Маалымдай кетсек, бул жылы жайкы эс алуу мезгилинде аймакка 1 миллионго жакын турист келери күтүлүүдө. Алдыда  облус аймактарында алардын суроо-талабына жооп берүүчү 5 маалымат борбору түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM