Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ын Путин менен жолугушуу үчүн Владивостокко келди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 660 | 0

Бүгүн эрте менен Пхеньяндын 2 учагы Владивостокко келип конду. Анда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жана анын коопсуздук кызматы болгон.

Буга чейин Орусия менен Түндүк Кореянын башчылары ушул айдын аягына чейин жолугары тууралуу билдиришкен. Расмий жолугушууда эки тараптуу мамиленин өнүгүшү жана «денуклеаризация» көйгөйлөрү боюнча талкуу жүрөт.

Сүйлөшүүлөр 25-апрелде Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өтөт. Мындай тандоо Түндүк Корея тарабынан болгону айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM