Биз менен байланышыңыз

Аз камсыз болгондордун балдары 50% жеңилдик менен бала бакчага бара баштайт

Билим-маданият | 22 Апр 2019 | 1205 | 0

Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин сапатын жогорулатуу максатында Бишкекте пилоттук долбоор катары өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы киргизилет. Программа аркылуу республикалык жана муниципалдык бюджеттин каражатынан 50 % төлөм каралып, 1000 баланын жеке балдар бакчасына баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Калган 50 %ын ата-энелер төлөшөт. Учурда долбоордун алкагында жеке менчик бала бакчалардан арыздар кабыл алына баштады.

Кыргызстанда балдардын 24 %ы гана бала бакча менен камсыз болгон. Мындай көрүнүштү азайтуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги атайын мамлекеттик социалдык тапшырык программасын ишке ашырууда. Ага ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары да эми мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында төлөмдүн 50%ын гана төлөө менен бала бакчага барууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчтөөчү адиси Нурзида Касымова билдирди.

— Мында мамлекет 50 %, ата-энелер 50 % төлөшөт. Учурда пилоттук негизде Бишкек шаарында ишке ашып жаткандыктан, бала бакчанын баасы 8000 сом боло турган болсо, 4000 сом ата-энеси, 2000 сом мамлекеттик бюджеттен, 2000 сом жергиликтүү бюджеттен төлөнөт.

Учурда долбоорго катыша ала турган бала бакчаларга талаптар, 1000 балага коюлчу критерийлер бекитилди. Ага ылайык, 1000 баланын ичине аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энеси бюджеттик мекемеде иштеп, 12 миң сомдон төмөн айлык алгандар, бала бакчага барууга шарты жок балдар кабыл алынат.

— Бишкекте азыр бала бакчага электрондук кезек боюнча кабыл алынат. Биздин долбоордун алкагына электрондук кезекте тургандар, же учурда бала бакчага барып жаткан балдар кирбейт. Ата-энеси бюджеттик мекемеде иштеп, 12 миңден төмөн айлык алган, же майып, же көп балалуу, жашаялмет үй-бүлөнүн балдарын гана кабыл алабыз.

Мындай шарттын түзүлүп жаткандыгын жеке менчик бала бакчалардын өкүлдөрү колдойт. Анткени, бул долбоор эки тарапка тең пайдалуу ыкма дешет. Жеке менчик бала бакчалардын биринин жетекчиси Айзат Үсөн кызы: «Өзгөчө турмуштук оор кырдаалда жашап жаткан балдарга сапаттуу билим берүүгө багытталганы колдоого аларлык», — деп, буларга токтолду.

— Мамлекеттин мындай демилге көтөрүп жатканы жакшы. Мисалы, биз жеке менчик бала бакчалар атаандаштыктын деми менен ар тараптан өнүгүп, өзүбүздүн мекеме үчүн жаңы ыкмаларды үйрөнүп, окуп жүрөбүз. Бирок ошол ыкмалардын бири менен да тааныш болбой, айрым балдар түз эле мектепке барып жатышат. Эми аларга да ушундай шарт түзүлсө, бул жакшы нерсе.

Азыркы тапта жеке менчик бала бакчалардын баа саясатына да талдоо жүргүзүлгөн. Анализдин негизинде долбоорго катыша ала турган жеке менчик бала бакчалардын айлык төлөмү 8 миң сомдон ашпашы шарт. «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева мындай учурда баа саясатын кароо менен бирге сапатын да унутпоо керектигин баса белгилейт.

— Бул долбоорду сунуштап жатканда, ар кандай талкуулар болгон. Ошондо баасы боюнча да айтылган. Алар бааны учурдагы бала бакчалардын орточо баасына жараша алдык дешкен. Бирок, бир эле жеке менчик бала бакчанын баасы менен эсептеп коюу туура эмес. Мамлекеттик билим берүү стандартынын баасын, базалык стандарт канча сом турарын эсептеп, мамлекет өзүнүн өзөктүү баасын коюшу керек. 

Маалыматка ылайык, долбоорго катышууну каалаган жеке менчик бала бакчалардан документтер 15-майга чейин кабыл алынат. Долбоор Бишкек шаарында пилоттук негизде 1-июлдан тарта ишке кирет.

 

Copyright © 2017 Maral FM